super.kg logo

Олимпиада чемпиону Бувайсар Сайтиевдин сөөгү Дагестанда жерге берилди

 

Дагестандын Новолакский районундагы Новокули айылында эркин күрөш боюнча үч жолку Олимпиада чемпиону Бувайсар Сайтиевдин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маркумду акыркы сапарга узатуу үчүн бир нече миң адам келген. Мындан улам полиция кызматкерлери райондун кире беришине күзөткө турушкан. Спортчунун мүрзөсү 19-кылымдын чечен баатыры Байсангур Беноевскийдин сөөгү коюлган жерден 100 метр алыстыкта ​​жайгашкан.

Маркум менен коштошууга Чеченстан жана Дагестандан спортчулар, мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, коомдук ишмерлер жана тургундар келишкен.

Бувайсар Сайтиев эркин күрөш тарыхындагы эң атактуу балбандардын бири. Ал үч жолку Олимпиада чемпиону (1996, 2004, 2008), дүйнөнүн алты жолку чемпиону (1995, 1997, 1998, 2001, 2003, 2005), Европанын алты жана Орусиянын төрт жолку чемпиону болгон.

Ал 2-мартта Москвадагы ооруканалардын биринде каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: