super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев 12 жылдык окуу системасына өтүү боюнча пикирин өзгөрткөнүн билдирди

 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү тууралуу оюн өзгөрткөнүн жазды.

Ал бул маселе боюнча буга чейинки кайрылуусунун натыйжасында эксперттер, билим берүү министрлиги жана президент Садыр Жапаровдун катышуусунда талкуу өткөнүн билдирди.

"Мамлекет башчысы да бул маселеге көңүл буруп, тынчсыздануусун билдирип, бардык тобокелдиктерди эске алуу менен, билим берүүдөгү реформаны этаптарга бөлүү менен дыкат ишке ашыруу чечимин кабыл алды. Башкача айтканда, баштапкы ойлонуштурулган шартта эмес, акырындык менен улам кемчиликтерин жоюп, жетишпегенин толуктап отуруп ишке ашыруу чечими кабыл алынды, буга макул болсок болот.
12 жылдык окуу жөн гана кошумча бир жыл эмес, балдардын билим сапатын жогорулатуу, профилдик окууну кеңейтүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, мектеп программаларын дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтыруу, ЖОЖдордогу кайталанма сабактарды жоюу жана өлкөбүздүн билим берүү системасын келечекке багыттоо мүмкүнчүлүгү экендиги баса белгиленди. Ошондуктан, алдыга жылууну туура көрдүк", - деп жазды Ташиев.
Буга чейин атайын кызматтын башчысы өлкө 12 жылдык окуу системасына өтүүгө даяр эмес деген пикирин билдирген. Ал 12 жылдык окуу системасын сындап жазгандан кийин эксперттер жана билим берүү тармагынын адистери ортосунда талаш-талкуу күчөгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: