Бишкекте унаа уурдоого шектелип 17 жана 19 жаштагы балдар кармалды (видео)
Бишкек шаарында унаа уурдоого шектелген 19 жана 17 жаштагы балдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-февралда милицияга Токтогул көчөсүнөн ак түстөгү Audi A6 үлгүсүндөгү унаа уурдалганы тууралуу кабарланган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр көп узабай колго түшкөн. Ленин райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, электрондук билерик тагуу менен камактан бошоткон. Учурда тергөө иштери уланууда.
05.03.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.