super.kg logo
  Саясат  

"Айылдан көчөбүз деп жатат". Депутат Балбак Түлөбаев Баткен чек арасы боюнча билдирди (видео)

 

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Баткендеги чек ара маселесине токтолуп, Лейлектин Достук айылынын тургундары көчүүгө даяр экендигин айтты.

“Биз азыр толук эмес, чек арасы чечилбеген өлкөбүз. Кызыл китебибизди алышыбыз керек.

Урматтуу депутаттар! Жерине барып көрүп, элдин өз оозунан угуп келгиле. Достук айылынын тургуну айтып, өлкө башчыларына ишеним артып жатышат. Айылдан көчөбүз деп жатышат. Баткендеги чек ара чыр-чатагы болгондо Жети-Өгүзгө биринчи шейит келген. Анын ата-энесинин ыйлаганын көрүп, мен сүйлөй алган эмесмин. Бул тарыхый миссия – кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн. Келе жаткан чек ара маселесин колдоп берүүңүздөрдү суранам”, - деп айтты билдирүүсүндө.

Ошондой эле депутат талаш-тартыш окуялардан кийин Баткендеги Лейлек, Арка, Максат, Төрт-Көчө аймактарына жалгыз барып, эл менен жеке сүйлөшүп келгендигин эске салды.

Белгилей кетсек, 27-февралда Жогорку Кеңештин беш комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча документтер каралган. Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берип, эки өлкө кайсы тилкеде кандай макулдашууга жетишишкенин айтып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: