super.kg logo
  Саясат  

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу жасалма интеллекттин терс жагын айтты (видео)

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин бүгүнкү, 5-марттагы жыйынында телефон шылуундары жасалма интеллекти колдонуп жатканын айтып, аларга чара көрүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Төрага укук коргоо органдарына кайрылып, бул боюнча тыкыр иш алып барууга чакырды.

"Акыркы убактарда телефондон, интернеттен жасалма интеллекттин жардамы менен шылуундар көп адаттын тыш иштерди жасап жатышат. Белгилүү адамдардын аттарынан башка жарандарга билдирүүлөрдү таратып, акча которууларды жасашып, же болбосо ар кандай интервюларды, билдирүүлөрдү жасап атышат. Бул жасалма интеллекттин бир терс жагы ушул экен – адамдардын үнүнөн баштап, кыймыл-аракети, мимика, дем алганына чейин окшоштуруп интервюларды жасап коёт экен. Ушунда коомчулуктун башы айланып, ишенип калууда.

Бир гана расмий булактарга, расмий билдирүүлөргө ишенип артыш керек. Мындай көңүл кош болбош керек", - дейт ал.

Төрага учурда бул чоң көйгөйгө айланганын айтып, анын айынан коом, эл жабыркап жатканын кошумчалады.






05.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: