super.kg logo
  Саясат  

"Арбактар урсун!" Депутат Сулайманов кесиптеши Айжигитовду каргады (видео)

 

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов кесиптеши Султанбай Айжигитовду чек ара тууралуу айткан пикири үчүн сынга алды.

"Бир карын майды бир кумалак чиритет" болуп, майрам күнү борбордук трибунага чыгып, эки элдин ортосуна от жагам деген кесиптешиме айтарым, чек арадагы апаатта каза болгондордун арбактары урсун! Төрт жыл губернатор болуп жүрүп, төрт метр жерди чече албай, анан төрт жыл убара менен чечилип жатканда айтканы туура эмес.

Башында "мен айткан нерселер эске алыныптыр" деген. Мына кесиптештеримдин баары "бизге Кыргызстандын кызыл китеби керек" деп жатат. Тынчтык жолу менен чечүү деген эң бийик деңгээл, даража, эң чоң бийик маданият. Мындай ортодогу чагымчылдарга эки өлкөнүн жарандары тең жол бербейт деп ишенем", - деди ал.

Айта кесек, парламенттин бүгүнкү жыйынынын башында депутат Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча жетишилген келишим тууралуу пикирин билдирип, Ворух анклавына траспорттук коридордун берилишин катачылык катары баалаган. Мындан тышкары эл өкүлү бул маселеде Тажикстан максатына жеткен деп билерин айтып, Достук айылынын коңшу өлкөгө өтүп жатканын да туура эмес чечим деген.






"Арбактар урсун!" Депутат Сулайманов кесиптеши Айжигитовду каргады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: