super.kg logo
  Саясат  

Депутат Темирбаева Лейлектин айылдарына өзгөчө чек ара статусун берүү боюнча кайрылуу жасады

 

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесине кирбей калган алыскы Баткен облусунун Лейлек районундагы айылдар тууралуу сөз кылды.

Эл өкүлү өлкөдөгү өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктап, аны бекитүү иш чаралары бүгүнкү күнгө чейин үч этап менен жүргүзүлүп жатканын айтып, ар бир этапка учкай токтолду.

"Лейлек районунун Лейлек айыл аймагындагы 5 айылдын үчөөнө өзгөчө статус берилип, 2 айыл тизмеге кирбей калды. Тактап айтканда, Лейлек айыл аймагындагы тизмеге кирген Ак-Терек, Кара-Суу жана Чуянчи айылдары менен тизмеге кирбей калган Коргон жана Лейлек айылдарынын ортосундагы аралыктары 700 метрден 5 чакырымга чейин. Бул айылдардын баары бир сайдын ичинде жайгашкан. Алардын ичүүчү таза жана сугат суусу бир эле сайдын суусу болот", - деди Темирбаева.

Ошондой эле ал Тогуз-Булак айыл аймагындагы 7 айылдын ичинен 4 айылга статус берилип, 3 айыл тизмеге кирбей калганын айтты.

"Тогуз-Булак айыл аймагындагы тизмеге кирген Айбике, Тогуз-Булак, Ай-Көл жана Гордой айылдары менен тизмеге кирбей калган Кара-Булак, Миң-Жыгач жана К.Сабыров айылдарынын ортосундагы аралыктары 200 метрден 3 чакырымга чейин. Бул айылдар дагы бир сайдын ичинде жайгашкан, - деп кошумчалады эл өкүлү.

Жыйынтыгында депутат жогоруда аталган комиссиянын ишин карап чыгып, бул чечимдеги тизмеге толуктоо менен Лейлек районунун жалпы айылдарына өзгөчө чек ара статусун берүү боюнча атайын протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: