super.kg logo

MEGA: 4G тармагынын камтуу аймагы кеңейүүдө, 4G эми Нарын облусунун бийик тоолуу айылдарында да жеткиликтүү

 

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Нарын облусунун Кочкор районундагы бийик тоолуу Кара-Тоо жана Жаңы-Жол айылдарында жаңы базалык станцияларды орнотуу жумуштарын жыйынтыктады. Натыйжада аталган аймакта уюлдук байланыштын жана интернеттин сапатын бир топ жакшырды.

Буга чейин бул алыскы калктуу конуштардын жашоочулары сигналдын начардыгына жана интернеттин чектелгендигине байланыштуу көйгөйлөргө туш болуп келген. Эми жаңы базалык станциялардын пайда болушу менен, тургундар туруктуу мобилдик байланыш жана жогорку ылдамдыктагы интернетти пайдалана алат, бул жумушта, билим алууда жана күнүмдүк баарлашууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

MEGA компаниясынын өкүлдөрү белгилегендей, өлкөнүн жетүү кыйынчылыкты жараткан айылдарын байланыш менен камсыздоо аркылуу тармактын камтуусун кеңейтүү компаниянын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Өлкөнүн ар бир жашоочусу байланыш жана санариптик кызматтарды колдонуп, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусу үчүн, Кыргызстандын эң алыскы аймактарын да жогорку сапаттагы байланыш менен камсыз кылууга умтулабыз”, − деп баса белгилей кетишти оператордун басма сөз кызматкерлери.

Долбоор өлкөнү санариптештирүү стратегиясынын жана аймактарда байланыш тармагын өнүктүрүүнүн бир бөлүгү болуп калды. MEGA Кыргызстандын башка алыскы аймактарында тармакты модернизациялоо жана кошумча базалык станцияларды орнотуу боюнча иштерди уланта бермекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: