Ошто Ак калпак күнү белгиленди (сүрөттөр)






Бүгүн, 5-марта күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Ак калпак күнү белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, майрамга карата жүрүш уюштурулган. Ага шаардагы жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттеринен 1000ге жакын жаштар катышкан. Салтанаттуу жүрүштүн алкагында жаштар ак калпакка арналган патриоттук ураандар менен ырларды аткарышкан.
Белгилей кетсек, бүгүн өлкө аймаганда Ак калпак күнүн белгилөө иш-чаралары уюштурулду. Бул күн 2011-жылы жарыяланып, 2016-жылдан тарта расмий түрдө белгиленип келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.