super.kg logo
  Саясат  

Парламент трибунасында чек ара боюнча пикирин билдирген депутат Айжигитов кесиптештеринин талоонунда калды

 

Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитовдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча жасаган билдирүүсү кесиптештери тарабынан сынга алынды.

Айжигитов парламенттин бүгүнкү жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен толук таанышып чыкканын айтып, андагы Ворух анклавына траспорттук коридордун берилишин катачылык катары баалады. Эл өкүлү бул маселеде Тажикстан максатына жеткен деп билерин айтып, Достук айылынын коңшу өлкөгө өтүп жатканын да туура эмес кадам катары сыпаттады. Ошондой эле ал коңшу өлкө менен болгон чек араны чечүүдө бир катар маселелерди эске алуу керектигин айтып, аларды тизмектеди.

Султанбай Айжигитовдун билдирүүсүнөн кийин эл өкүлдөрү Улан Примов, Надира Нарматова, Жайлообай Нышанов чек ара маселесинде бир тарап гана утпай турганын белгилешип, андыктан пикир билдирерде этият болуу керектигин айтышса, депутат Эрнис Айдаралиев кесиптештерин чек ара боюнча жөндөн-жөн эле ашыкча сын айтпоого чакырды.

Кундузбек Сулайманов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзү Жогорку Кеңешке келип, чек ара боюнча толук маалымат бергенде суроо узатпаган Айжигитов эми пикирин билдиргени туура эмес дейт. Ал тургай эл өкүлү кесиптешин каргап дагы жетишти.

"Бир карын майды бир кумалак чиритет" болуп, майрам күнү борбордук трибунага чыгып, эки элдин ортосуна от жагам деген кесиптешиме айтарым, чек арадагы апаатта каза болгондордун арбактары урсун! Төрт жыл губернатор болуп жүрүп төрт метр жерди чече албай, анан төрт жыл убара менен чечилип жатканда айтканы туура эмес", - деди ал.

Бактыбек Сыдыков чек аранын такталышын баатырдык деп сыпаттап, тактоо иштерин жүргүзгөн комиссиянын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүүнү сунуштады. Миргүл Темирбаева чек аранын такталышын жылдын эң мыкты жаңылыгы деп атады. Балбак Түлөбаев чек аранын чечилишин жергиликтүү эл жакшы кабыл алганын белгилеп, андыктан депутаттарды колдоого чакырды. Жыйынга катышкан депутаттардын көпчүлүгү өз пикирлерин айтышып, чек ара боюнча жетишилген келишимди колдой турушканын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: