Дмитрий Биволдон утулган Артур Бетербиевдин күтүүсүз көйгөйлөрү ачыкка чыкты
Бокс боюнча жарым оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Артур Бетербиев салык төлөөдөн качкандыгы үчүн карыз болуп калды. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, мушкер Орусиянын Федералдык салык кызматына 21 миң рубль карыз. Ошондой эле Бетербиевдин Орусиянын аймагында бизнеси жок экени такталган.
Артур Бетербиев 40 жашта. Орусиялык мушкер профессионалдык рингде дебютун 2014-жылы жасаган. Жалпысынан анын 21 жеңиши (20 нокаут менен) жана бир жеңилүүсү бар. Февраль айында Сауд Арабияда өткөн акыркы беттешинде Бетербиев калыстардын көпчүлүк добушу менен Дмитрий Биволго утулуп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.