super.kg logo
  Саясат  

Таласта 100 доллар, 5000 сом сыяктуу сувенир акчалар сатыктан алынды

 

Талас шаарындагы базарда, соода түйүндөрүндө сувенир катары жасалган акчалар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБ кабарлады.

"Сатыкта турган сувенир акчалардын өлчөмү чыныгы акчалар менен бирдей болгондуктан карапайым адамдар алданып калуу кооптуулугу бар экендиги жеткирилди. Мындан ары дагы сувенир акчалар сатыла турган болсо укук бузуулар жөнүндө кодексинин 304-беренесинин негизинде жеке жактарга 5500, юридикалык жактарга 17000 сом өлчөмүндө айып пул салынаары эскертилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында 1000, 2000, 5000 сом, 100 АКШ доллары жана 500 евро өлчөмүндөгү бир нече сувенир катары жасалган акчалар сатыктан алынды.

Эскертүү. Эгерде сүрөттөлүшү өтө чоңойтулган (150 пайыздан кем эмес) же өтө кичирейтилген (50 пайыздан аз) масштабда, ошондой эле жарык менен берилүүчү жарнама түрүндө берилсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий уруксаты жок улуттук валютасынын банкноталарынын (тыйындарынын) сүрөттөлүшүн бир же бир нече түстөрдө көчүрүп чыгарууга жол берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: