super.kg logo

«Алга-Бишкек» футбол клубуна жаңы директор дайындалды

 
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Алга-Бишкек» футбол клубунун жаңы директору Эмил Кутманов жана башкы машыктыруучу Сергей Попов менен жолукту. Бул тууралуу калаа бийлигинен маалымдашты.
Ал жолугушууда быйылкы сезон үчүн коюлган спорттук максаттар, клубга колдоо көрсөтүү маселелери жана анын өнүгүү перспективалары талкууланды.

Шаар башчысы өлкөдө дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи.
Ага ылайык, жаңы спорт комплекстери, стадиондор жана машыгуу залдары курулууда. Ошондой эле Бишкекте көп функционалдуу «Алга» спорт комплекси курулуп жатат. Анда 3000 орундуу футбол стадиону, машыгуу аянтчалары, мейманкана, ден соолукту чыңдоо комплекси жана аймакты көрктөндүрүү каралган.

Белгилей кетсек, башкы машыктыруучулук кызматка AFC PRO лицензиясына ээ болгон украиналык адис Сергей Попов дайындалды. Ал буга чейин Донецктин «Шахтёр» клубунун U-21 командасынын жана Украинанын U-16 улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеген.
Буга чейин Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти «Алга-Бишкек» футболдук клубуна жаңы директору болуп Эмил Кутманов дайындалганын билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: