super.kg logo

"Тамашоунун" чейрек финалынын биринчи күнү аяктады

 

Кечээ, 13-декабрда "Тамашоунун" 5-сезонунун чейрек финалынын биринчи күнү аяктады. Биринчи күнүндө "Ак Кеме", "Позитив", "40 чоро", "Ош курама командасы", "Ысык-Көл курама командасы",  "Алтын Сегиз", "Элестет", "Тамадалар", "Бишкек" командалыр өз оюндарын көрсөтүштү. Чейрек финалдын биринчи күнүндө ойногон командалардан "40 Чоро", "Алтын Сегиз", "Элестет" командалары оюндан четтетилип, калган командалар жарым финалга жолдомо алышты. Ал эми бул оюнда эң көп балл топтогон команда "Ош курама командасы" болду. Баса белгилеп кетчү нерсе, "Тамашоу" курама командасы Астана шаарында өткөн Эл аралык КВН союзунун Орто Азия лигасынын финалында чемпион болуп келгендиктен, "Тамашоуну" куттуктап Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов келди. Ошондой эле залда Панфилов райондук ата-энесиз балдардын жатак мектебинен 100дөй бала келип, оюнга күбө болушту.

1. Эрмек Нурбаев Астана шаарында өткөн Эл аралык КВН союзунан алып келген кубогун тааныштырууда.

2."Тамашоунун" чейрек финалынын 1-күнүндө ойногон командалар.

3. "Тамашоунун" жеңиши менен куттуктап Бишкек шаары Иса Өмүркулов келди.

4. Иса Өмүркулов ыраазычылык катын тапшырууда.

5. Панфилов балдар үйүнүн өкүлдөрү "Тамашоунун" жамаатын 100дөй балага акысыз "Тамашоуну" көргөнгө билет бергендиги үчүн ыраазычылык билдирүүдө.

6. "Артезиан" суусундук компаниясынын директору Панфилов балдар үйүнө Жаңы жылга карата кир жуугуч машина белек кылды.

7. Ырчы Өмүрбек Андарбеков "Тамашоуну" жеңиши менен куттуктап Панфилов балдар үйүнө телевизор белекке берди.

8. "Тамадалар" командасы оюн көрсөтүүдө.

9. "Бишкек" командасындагы кичинекей Азамат өзүнүн таланты менен элди таң калтырууда.

10. "Ысык-Көл курама командасы"  .

11-12. Алыскы Ош шаарынан келген "Ош курама командасы".  

13. Жалгыз гана оюнчудан турган "40 Чоро" командасы.

14. "Позитив" командасы.

15. "Элестет" командасы өздөрүнүн тамашасын тартуулашууда.

16. "Ак Кеме" командасы.

17. "Алтын сегиз" командасы.

18. Оюн аяктап, Кыргызстандагы "Самсунг" компаниясынын өкүлү мыкты команда "Ош курама командасына" жана "Тамашоунун" үн режиссёруна атайын белектерди тапшырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.12.2012. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОШ АЛГА! Менин Ошум менин Шаарым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: