super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бердиев жолбун иттер боюнча маселе көтөрүп, министрдин орун басарын сынга алды

 

Бүгүн, 6-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аккулу Бердиев жолбун иттерди дарылоо керектигин айтты.

"Ооруп өлгөн малды иттер жейт дагы бүт эхинококк өңдүү ооруларды жугузуп жатат. Ошондуктан көчөдө жүргөн иттерди кармап, анан дарылаш керек", - деди ал.

Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов жолбун иттердин санын көзөмөлдөө жана кыскартуу боюнча жергиликтүү бийликтер менен иштер жүрүп жатканын айтты.

Бердиев айылдарда андай иштер жүрбөй жатканын айтып, жыйынга келген суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Керималиев Жаныбекти сынга алды.

"Жаныбек Калканович сиз дайыма жакшы жооп бересиз, бирок бир да жумуш аткарбайсыз. Кантип бул жоопкерчиликтүү жумушта жүрөсүз. Бул деген өтө жоопкерчиликтүү иш", - деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: