Аба ырайы: 7-мартта аймактарда жаан-чачын жаайт
Эртең, 7-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күндүзү жаан-чачын күтүлөт. Ал эми Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын аймактарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1 ... +4, күндүз +4 ... +9;
Талас жергесинде түнкүсүн -1 ... -6, күндүз +3 ... +8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0 ... +5, күндүз +5 ... +10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +5 ... +10;
Нарын дубанында түнкүсүн -4 ... -9, күндүз 0 ... +5;
Бишкекте жан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1 ... +1, күндүз +6 ... +8 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.