super.kg logo

Достук айылынын тургундары кайсы аймакка көчүрүлө турганы белгилүү болду 

 
Достук айылынын эли Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүлөт. Бул тууралуу облустун өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда кабыл алынган.
"Айыл элинин макулдугу менен, Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды. Аталган аймак Баткен шаарынын аймагы менен чектешет", - деп билдирди өкүлчүлүк.
Аталган жерликке мамлекет тарабынан жалпы 71 үй жана ар бир үй ээси үчүн беш сотыхтан жер тилкеси берилет. Ошондой эле Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы 9 гектар жер тилкеси айыл чарба багытына бөлүнөт.

Эске салсак, 27-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоонун алкагында кайсы аймактарды алмашышканын Жогорку Кеңеште айтып берген.

Атайын кызматтын башчысы Баткендеги Достук айылы толугу менен Тажикстанга берилип, 91 гектардын ордуна эле 91 гектар жер жана ага кошумча Тажикстандан 30 гектар суулуу жер компенсация катары Кыргызстанга алынганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: