Бишкектеги унаа жуучу жайларга эскертүү берилди
Муниципалдык инспекция чарба субъекттерден Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин сактоону талап кылат. Бишкек мэриясынан билдиргендей, инспекторлор калаадагы унаа жуучу жайларды жана желимдөө пункттарын (вулканизация) текшерип, жазма буйруктарды берүүдө.
Талаптарга ылайык, ар бир субъекттин кызматкери тегерек четин таза кармоого, дөңгөлөктөрдү жолдун четтерине үйүп салбоого милдеттүү. Мындан тышкары тротуарга кардарлардын унааларын койдурбоого милдеттендирилди, мындай көрүнүш шаарыбыздын тургундарынын нааразычылыгына себеп болууда.
Эрежелерди сактабаган чарба субъектилерине Укук бузуулар кодексине ылайык протоколдор түзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.