super.kg logo

"Түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук музыкалык аспаптары" аттуу китеп жарык көрдү

 

5-мартта Азербайжандын Баку шаарында Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан чыгарылган “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн улуттук музыкалык аспаптары” аттуу китептин бет ачар аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган уюмдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Түрк маданияты жана мурасы фондунун кезектеги масштабдуу долбоору болгон “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн улуттук музыкалык аспаптары” китеби 6 түрк тилдүү мамлекеттен келген илимпоздордун, искусство таануучулардын жана музыканттардын биргелешкен ишинин натыйжасында жарык көргөн.

Китепте көптөгөн илимий булактардын негизинде түрк тилдүү элдерде эң кеңири таралган жүздөн ашык салттуу музыкалык аспаптар жөнүндө кеңири маалымат берилген. Ал атлас музыка таануучуларга, музыканттарга, фольклористтерге, органологдорго арналган.

“Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова фонддун ишмердүүлүгүнүн акыркы мезгили тууралуу маалымат берди. Ал Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин демилгеси менен Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мамлекет башчыларынын колдоосу менен түзүлгөн Түрк маданияты жана мурасы фонду түрк мамлекеттеринин бай маданиятын жана мурастарын, көп кылымдык тарыхын коргоо, эл аралык дүйнөгө таанытуу жана келечек муундарга өткөрүп берүү багытында иш алып барарын айтты”, – деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: