super.kg logo

Трамп көз арткан каналга ээлик кылган өлкөнүн президенти АКШ лидерин калп айтууда деп айыптады

 

Панаманын президенти Хосе Раул Мулино АКШнын лидери Дональд Трамптын Панама каналын кайтарып алуу боюнча айтканын жалганга чыгарды.

"Президент Трамп дагы калп айтып жатат. Панама каналы АКШ көзөмөлү астында кайра түзүлбөй эле. Албетте, биз бул боюнча АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио же башка бирөө менен сүйлөшүүлөрдө талкуулаган эмеспиз. Биздин өкмөттөрүбүздүн ортосундагы кызматташтык эки тарапты тең кызыктырган маселелерди так түшүнүүнү талап кылат. Анын каналды кайтарып алууга же биздин улуттук эгемендүүлүгүбүзгө кол салууга акысы жок. Канал Панаманыкы болгон, болуп кала берет", - деп жазган ал социалдык баракчасына.

Шейшемби күнү Трамп Капитолийде АКШ конгрессинин эки палатасынын алдында сүйлөп жатып, Панама каналын кайтаруу ниетинде экенин кайталап, бул ишке Марко Рубио жооптуу экенин айткан.

Белгилей кетсек, Трамп буга чейин да бир нече жолу каналды Кошмо Штаттарга кайтаруу ниетин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: