Пакистандагы аскердик базага жасалган террордук чабуулда 13 жай тургун набыт болду
Шейшембиде Пакистандын түндүк-батышындагы Банну шаарында жайгашкан аскер базасына жасалган чабуулдан 13 жай тургун набыт болуп, 30га жакын адам жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, жардыргыч заттар толтурулган 2 унаа менен 4 жанкечти аскер базанын дубалын жардырып, уратышкан. Андан соң 10дон ашык согушкерлер чабуул жасаган. Жарылуунун кесепетинен базанын жанындагы турак жайлар жана мечит да зыянга учураган. Согушкерлер болсо жок кылынган.
Reuters маалымат агенттиги террорчулар тарабынан жасалган чабуулда 5 аскер кызматкери да каза болгонун билдирди. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы менен байланышы бар топ өзүнө алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.