super.kg logo

АКШнын Жогорку Соту Трампка каршы чечим чыгарды

 

АКШнын Жогорку Соту президент Дональд Трамптын администрациясынын АКШнын USAID жардам агенттиги аркылуу грант алган же келишимдер боюнча иштерди аткарган уюмдарга төлөнчү дээрлик 2 миллиард долларды тоңдурууну колдоо өтүнүчүн четке какты.

Вашингтондун федералдык соту буга чейин Трамптын каражатты тоңдуруп салуу буйругуна бөгөт коюп, аларды 26-февралга чейин төлөп берүү чечимин чыгарган. Администрация доо арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку инстанциядагы добуштар 5:4 эсебинде бөлүндү. Консервативдүү деп эсептелген эки судья жана үч либералдык судья администрациянын өтүнүчүн четке кагуу үчүн добуш беришти.

Бул Трамптын буйругу менен тоңдурулган бардык каражаттарды камтыбайт, бирок буга чейин бүтүп калган долбоорлор үчүн USAID аркылуу төлөнүшү керек болгон каражаттар гана.

Трампка каршы доо арыздарды колдогон Америкалык жарандык эркиндиктер биримдиги (ACLU) Жогорку Соттун чечимин кубаттады.

Трамп мамлекеттик чыгымдарды кескин кыскартуу жана Илон Масктын катышуусу менен мамлекеттик аппаратты реформалоо боюнча кампаниясын улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: