super.kg logo
  Саясат  

Адылбек Касымалиев Вьетнамдын президенти Лыонг Кыонг менен жолугушту

 

Бүгүн, 6-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамдын президенти Лыонг Кыонг менен жолугушту. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо сөзүн, ошондой эле Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакыруу катын тапшырды.

"Кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарды активдештирүү, өкмөттөр аралык консультацияларды үзгүлтүксүз жөнгө салуу жана расмий делегациялардын сапарлары менен алмашууга көмөктөшүү зарыл деп эсептейм", - деди ал.

Өз кезегинде Лыонг Кыонг Садыр Жапаровго саламын жолдоду. Ал эки тараптуу мамилелерди чыңдоону белгилеп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ар кандай тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты. Соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: