super.kg logo
  Саясат  

Руслан Казакбаев Түркиянын ТИМинин орун басары менен жолугушту

 
Бүгүн, 6-мартта Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Айше Беррис Экинжи менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
Ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги визиттердин, жолугушуулардын графиги деталдуу каралды. Мындан тышкары биргелешкен иш-чаралардын пландары, анын ичинде Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуусунун алкагындагы иш-чаралар талкууланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: