Бишкекте шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыяланды
Бишкекте эки айга созулган, тактап айтканда 15-марттан 17-майга чейин борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча эки айлык жарыяланды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Калаа мэриясы менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды, мекемелерди жана көп кабаттуу үйлөрдө, жеке турак жайларда жашаган жарандарды ишембиликтин алкагында көчөлөрдү тазалоого жана көрктөндүрүү иштерине катышууга чакырды.
"Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасына жалбырактарды, бутактарды өз убагында алуу, бак-дарактарды отургузуу ал эми "Тазалык" ишканасына шаар көчөлөрүн тазалоонун сапатына көзөмөлдү күчөтүү иштери тапшырылды", - деп билдирди мэрия.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.