super.kg logo

Бишкектин мэри "Ош базарда" көчөдө тамак саткандарга нааразы болду

 

Бишкектеги "Ош базарынын" аймагында мэр Айбек Жунушалиевдин жетекчилигинин астында көрктөндүрүү, башаламан соода жана Ала-Арча дарыясынын жээгин тазалоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Мэриядан билдиргендей, Токтогул көчөсүндөгү соодагерлер менен болгон жолугушууда мэр башаламан сооданын, өзгөчө жашылча-жемиштердин белгиленбеген жерлерде сатылышы санитардык нормаларды бузуп, соодагерлердин жана сатып алуучулардын ден соолугуна коркунуч туудурарын белгиледи. Муниципалдык инспекцияга мыйзамсыз соодагерлерге мыйзамдарды сактоо боюнча эскертүү тапшырмасы берилди.

Жунушалиев Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун ишин жетишсиз деп баалап, көпчүлүк тамак-аш азыктары ачык асманда унаа жолдордун боюнда сатылып жатканын айтты. Калаа башчысы соодагерлер менен болгон жолугушууда эски базар жаңы жайга көчүрүлсө, соода орундарын мыйзамдуу келишимдери жана патенттери бар соодагерлер гана ээлешерин белгиледи. Ал соодагерлер ишмердүүлүгүн мыйзамдуу негизде жана белгиленген жерлерде гана жүргүзө аларын баса белгиледи.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: