super.kg logo

Кыргызстандын айрым жарандары 5 өлкөгө визасыз кире алышат

 

Министрлер кабинети менен Албания, Черногория, Таиланд Королдугу, Кипр, Венесуэланын өкмөттөрүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуулар ратификациядан өттү. Бул тууралуу ТИМ бүгүн, 7-мартта кабарлады.

Айта кетсек, тиешелүү документке 2024-жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын талааларында кол коюлган.

Азыркы тапта чет мамлекеттер кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди киргизүүнүн алкагында негизинен дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерине карата макулдугун беришүүдө. Ошол эле учурда визасыз режимди этап-этабы менен киргизүү жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визасыз сапарларды кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөт.

Кыргызстандын паспорту “Паспорт индекси” паспортторунун интерактивдүү рейтингиндеги позициясын 2023-2024-жылдарга салыштырмалуу 14 пунктка жакшыртты. 6-мартка карата кыргыз паспорту 67-орунда турат.

Маалымат үчүн: Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор мамлекеттик кызматкерлерге кызмат абалына карабастан жалгыз гана жумуш сапарларына колдонууга берилет. Ал кызматтык сапарда чек арадан өтүүнү жана виза иштерин жеңилдетет. Кызматкер мамлекеттик кызматтан кетерде паспорттор кайтарылып алынып, жок кылынуу үчүн ТИМге берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: