super.kg logo
  Спорт  

АКШда белгилүү актёр негиздеген турнирде кыргыз спортчулары ийгилик жаратты

 

АКШда жыл сайын өтүүчү Арнольд Классик турниринде спорттун таяк тартыш (мас-рестлинг) түрүнөн өлкө намысын коргогондор ийгилик жаратты. Бул тууралуу спортчу айым Эльза Абдыкадырова SUPER.KG порталына билдирди.

Ал өзү да 28-февралдан 2-мартка чейин Огайо штатындагы Колумбус шаарында өткөн турнирге катышып, абсалюттук салмакта 1-орунду алганын белгиледи. Спортчунун айтымында, Азамат Асаналиев (95 килограмм), Феликс Уланбеков (80 килограмм) 1-орунду алса, Арген Кыдырганов (80 килограмм) 2-орунду, ал эми Жоомарт Таалай уулу (80 килограмм) 3-орунду багындырган.

"Турнирге жалгыз мен эле Кыргызстандан учуп бардым. Калгандары АКШда көп жылдан бери эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар. Бардыгыбыз Кыргызстандын атынан катыштык", - деди ал.

Абдыкадырова белгилүү актёр Арнольд Шварценеггер негиздеген турнирде самбо боюнча өлкө намысын коргогондордун бардыгы 1-орунга татыганын кошумчалады. Алар: Нурсултан Уланов, Феликс Уланбеков, Самара Абдумалик кызы, Марлен Оморалиев.

Эске салсак, Эльза Абдыкадырова SUPER.KG порталына кенен маек куруп, спорттогу жолу, жараткан ийгиликтери тууралуу айтып берген. Маекте ал 10го жакын спорт түрү менен алектенип, мелдештерге катышканын, белгилүү кыргыз балбандары менен килемге чыккан учурлары болгонун баяндаган. Маекти толук бул шилтемеден окусаңыз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: