super.kg logo
  Спорт  

“Алай” футболдук клубу АФКнын Кубогуна даярдыгын баштады

 

Футбол боюнча Кыргызстандын 2013-жылдагы чемпиону “Алай” футболдук клубу АФКнын Кубогунун тандап алуу туруна даярдыгын баштады. Бул тууралуу аталган клубдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда машыгууга 16 футболчу катышып жатат. Негизи, курамга жалпысынан 22 футболчу чакырылган. Алардын бешөө улуттук курама команда менен Кувейтке машыгуу сборуна аттанган. Дагы бир футболчу “Шериктештик кубогу-2014” мелдешине жаштар курама командасы менен даярдык көрүүдө. Жакында клубдун катарына “Алга” жана “Абдыш-Ата” клубдарынын болжол менен 7ге жакын футболчу келип кошулат.

Андан тышкары клуб Кантта өтүүчү Кыргызстандын кышкы биринчилигине катышат. Андан соң клуб Палестинаны көздөй сапар алат.

Эске салсак, “Алай” 2-февралда АФКнын Кубогунун тандап алуу турунда Палестинанын чемпионуна каршы оюн өткөрөт. Эгер “Алай” жеңишке жетишсе АФКнын Кубогунун тайпалык баскычынан орун алат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: