super.kg logo

УКМК Таласта жер комиссиясынын мүчөлөрүн кармады

 

Таласта жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштырууга шектелип жер комиссиясынын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта УКМКдан маалымдашты.

Атайын кызмат тактагандай, Бакай-Ата районунун айрым жооптуу кызматкерлери 2009-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде акчалай компенсация алуу үчүн 163 айыл чарба бирдигинин көлөмүндөгү трансформацияланбаган жер участокторун (сугат, айдоо категориясындагы жерлер) жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп бергендиги аныкталган.

Бул факты боюнча ушул жылдын 5-мартында Бакай-Ата жер комиссиясынын мүчөлөрү: райондун акиминин биринчи орун басары С.М., Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча аймактык агенттиктин филиалынын директору С.Б., айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда УКМК бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка жетекчилерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: