super.kg logo

Алматы аэропортундагы окуя: Эркек киши кыздын ордуна барымтага өзүн сунуштады (видео)

 

Коңшу Казакстандын Алматы шаарындага аэропортто кызматкер кызды барымтага алган кишиге эркек адам өзүн сунуштап, андан кийин бычак көтөргөн адамды куралсыздандырып колго түшүрдү. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Бычак көтөргөн адам алгач паспорт сураган аэропорт кызматкерин барымтага алган. Көп өтпөй аэропортто жүргөн эркек адам кыздын ордуна өзүн сунуштап, барымтага түшүп берген. Бычак көтөргөн адам менен сүйлөшүү учурунда ал ыкчамдык менен кылмышкердин колунан бычагын тартып алып, андан кийин колго түшүргөн. Бул учур видеого түшүп калган.

Полициянын маалыматы боюнча, эр жүрөк киши жөн эле аэропортко жакынын жеткирип келген адам болгон.

Кол салган адам Алматынын 67 жаштагы тургуну. Факты боюнча кылмыш иши козголду.






Алматы аэропортундагы окуя

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: