Бишкектеги унаа оңдоочу жайда турган төрт унаа өрттөнүп кетти (фото)



Бишкек шаарында унаа оңдоочу жайда өрт чыгып, ичинде турган төрт унаа толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Министрликтин маалыматына ылайык, Алмата көчөсүндө техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 15:15те чектөөгө алынып, саат 16:03тө толук өчүрүлгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн жана 4 унаа толугу менен күйүп кеткен.
Өрттөн жабыркагандар болгон эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.