UFC: Рафаэль Физиев Жастин Гэйтжиге реваншта дагы жеңилди
Бүгүн, 9-мартта АКШда UFC 313 турнир өтүүдө.
Анда жеңил салмактагы беттеште Кыргызстандан кеткенин айткан Рафаэль Физиев менен америкалык мушкер Жастин Гэйтжи кез келди.
Эки мушкер бүйүр кызыткан беттеш тартуулап, экинчи бөлүктө Физиев нокдаун абалына түштү. Үч бөлүктүн жыйынтыгы менен калыстар жеңишти Жастин Гэйтжиге ыйгарышты.
Бул Физиевдин Гэйтжиге экинчи ирет жеңилиши. 2023-жылы март айында эки мушкер алгачкы жолу кез келип, анда да Гэйтжи жеңишке жеткен.
36 жаштагы Жастин Гэйтжи муну менен карьерасындагы 26-жеңишине жетти. Анын беш жеңилүүсү бар.
Ал эми 32 жаштагы Физиев үчүнчү жолу катары менен жеңилүү ызасын тартты. Жалпысынан карьерасында 12 беттеште жеңишке жетип, бүгүнкүнү кошкондо төрт жеңилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Жумабек

09.03.2025. 15:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жастин гейтжи молодец куттуктайбыз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.