super.kg logo

Дональд Трамп Украина жана Орусия тууралуу айтты

 

АКШнын президенти Дональд Трамп жекшембиде Fox News телеканалына берген маегинде Украина жана Орусия боюнча бир катар билдирүүлөрдү жасады. Анда журналист "Украина АКШнын колдоосу жок жашап кете алабы?" деген суроо узаткан.

Трамп дагы бир жолу эгер ал президент болуп турганда Орусия менен Украинанын согушу болмок эместигин кайталаган.

"Украина кандай болсо да жашап кете албай калышы мүмкүн. Бирок, сиз билесиз, биздин Орусия менен мамилебизде айрым алсыз жактарыбыз бар. Тынчтык келишимине эки тарап тең макул болушу керек. Бул согуш такыр эле болбошу керек болчу, бирок ал болуп кетти. Ошентип биз азыр ушул башаламандыкта калып калдык", – деген Трамп.

Трамп ошондой эле Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин АКШдан алган колдоо боюнча да оюн айткан.

"Ал акылдуу жигит. Ал АКШдан акча алды. Байдендин тушунда бул жигитке "момпосуй берүүдөй эле" оңой болду. Менимче, ал бизге ыраазы эмес. Биз ага 350 миллиард доллар, ал эми Европа 100 миллиард доллар берди деп ойлойм", – дейт Трамп.

Буга удаа саясатчы АКШ менен Украинанын ортосунда сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишим түзүлөрүнө ниеттенип жатканын белгиледи.

Мындан тышкары Москвага карата "жумшак мамиле кылды" деген сын-пикирлерге жооп берип жатып, Трамп өзү "Орусияга катуу мамиле кылганын, башкаларга караганда катаалыраак болгонун" айткан. Ошону менен бирге ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакшы мамиледе экенин белгилеп өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: