Трамп адамзат үчүн негизги коркунучту атады
АКШнын президенти Дональд Трамп адамзат үчүн климаттын өзгөрүүсү эмес, өзөктүк курал эң чоң коркунуч экенин айтты.
Ал мурунку лидер Жо Байдендин климатты башкы коркунуч деп атап келгенин сынга алды.
"Байден бул терминди жакшы көрчү. Ал биздин эң чоң коркунучубуз климат экенин айтып келчү. Жок, эң чоң коркунуч – бул дүйнө жүзүндөгү ар кайсы өлкөлөрдүн кампаларында турган өзөктүк курал, бир нече чакырымга чейин жардырып ийе турган чоң желмогуздар. Бирок алар (демократтар) бул жөнүндө айтышкан жок", - деген ал Fox News телеканалына курган маегинде.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.