super.kg logo
  Саясат  

Элчи Казакбаев менен Түркиянын вице-президенти бир катар маселелерди сүйлөштү

 

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, анын ар тараптуу, стратегиялык жана бир туугандык мүнөзүн баса белгилешти.

Ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө көңүл бурулду. Бул жылы эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө басым жасалды.

"Анда ушул жылы Кыргызстанда өтө турган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына даярдыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле экономикалык өнөктөштүктү талкуулоонун алкагында тараптар сооданы жеңилдетүү, кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү, Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Кыргыз тарап Түркиянын медициналык мекемелеринде Кыргыз жарандарынын бекер дарылануусуна жыл сайын берилүүчү квотаны жаңыртуу жана көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгын бекемдөөгө умтуларын ырасташты жана талкууланган бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: