Бишкекте чет элдик 300 миң доллардан ашык жасалма акча менен кармалды (видео)





Жасалма долларга криптовалюта сатып алууну көздөгөн делип 24 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Бишкек шаарынан кармалып, жанынан 362 миң 900 жасалма доллар табылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду.
Учурда кылмыштуу топтун калган катышуучуларын аныктоо жана кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
10.03.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.