Бишкекте эркин күрөш боюнча шаар биринчилиги өттү






Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплексинде эркин күрөш боюнча 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында шаар биринчилиги өттү. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, турнирдин максаты калаадагы мыкты балбандарды аныктоо. Сынакты Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурду.
65 килограммга чейинки салмак категориясындагы жыйынтыктар:
Алтынбек Калыбеков – 1-орун;
Түгөлбай Муканбетов – 2-орун
Марат Абдыкалыков – 3-орун;
Каниет Сардарбеков – 3-орун.
Жеңүүчүлөр, байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйлангандыгы маалыматта кошумчаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.