Жогорку Кеңештин имараты оңдоп-түзөлөт



Быйыл Жогорку Кеңештин имаратынын чоң жыйындар залы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, санариптештирилип, заманбап техникалар менен жабдылат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, эл арасында Ак үй деп аталган тарыхый жайдын айланасындагы таман таштарды да жаңылоо мерчемделүүдө. Ошондой эле бак-дарактар иретке келтирилип, жаңы көчөттөр отургузулат.
Борбор калаанын чок ортосунда орун алган Ак үй 1984-жылы ишке берилген. Жалпы аянты 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

