super.kg logo

Кремль Сириядагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди

 

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Сириядагы зордук-зомбулук Орусияны тынчсыздандырып жатканын билдирди. Ал бул маселени тез арада, анын ичинде БУУда да карап чыгуу керек деп эсептейт.

"Сириядагы кырдаал, ал жердеги зордук-зомбулуктун көрүнүштөрү бизди тынчсыздандырбай койбойт. Бул тынчсыздануу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жана эл аралык уюмдарда, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунда да бар. Биз бул маселени тез арада карап чыгуу жана эң башкысы зордук-зомбулуктун бул көрүнүштөрүн мүмкүн болушунча тез арада токтотуу керек деп эсептейбиз", - деди Песков журналисттердин Сириядагы кырдаал боюнча суроолоруна жооп берип жатып.

Сириянын Латакия жана Тартус провинцияларында 6-мартта Сириянын коопсуздук күчтөрү менен Дамасктын жаңы өкмөтүнө каршы куралдуу топтордун ортосунда айыгышкан кагылышуулар болду. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган бейөкмөт уюмунун (SOHR) акыркы маалыматтарына караганда, соңку күндөрү Сириянын жээктеринде алавит жамаатынан 830 жай тургун набыт болду. Коргоо министрлиги акыркы бир нече күндө жээктеги провинцияларда жаңы өкмөткө каршы куралдуу топтор менен кагылышууларда коопсуздук күчтөрүнүн 231 кызматкери каза болгонун билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: