Милиция жарандардан ири алдамчылык кылгандарды табууда көмөк сурайт
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелгендер изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ленин РИИБинен кабарлады.
Маалымдалгандай, милиция кайрылган шаар тургуну 25-февраль күнү саат 15:00-16:00 чамасында Бейшеналиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдарга миллион сомун алдатып ийгенин айткан. Алар анын акчасын жасалма алтын тыйындарга алмаштырып, андан соң из жашырып кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн жана жайгашкан жерин аныктоо иштери уланууда.
Милиция шектүүлөр тууралуу маалыматы бар жарандарды жакынкы милиция бөлүмүнө же 0707 143 471, 0 700 050 505 номурларына кабарлап коюуну өтүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Жумабек

10.03.2025. 19:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беттерин тосуп койсо ким көрдүм деп айтат ээч ким көрбөйтда
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.