Улуттук кардиологиядагы өрт: Медиктер каармандыгы үчүн сыйланышты






Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун медицина кызматкерлери сыйланышты. Алар Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунда чыккан өрттө бейтаптарга чоң жардам берген. Бул туурасында мекемеден кабарлашты.
Айта кетсек, кырсыкта алар бейтаптарды эвакуациялоого жана тез медициналык жардам көрсөтүүгө катышып, жогорку жоопкерчиликти жана берилгендикти көрсөтүшкөн.
Жалпысынан 30га жакын медицина кызматкери сыйланды.
Белгилей кетсек, 11-февралда Бишкекте жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратында өрт чыккан. Ал түнкү саат 23:15те толук өчүрүлгөн. Окуя болгон учурда аталган жайда жалпы 104 адам (50 бейтап, анын 19у бала, 32 багуучу жана 22 кызматкер) болгон. Ал жактан 31 бейтап жакынкы ооруканаларга жайгаштырылган.
Кырсыктан эки адам каза болгону айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.