Өлкөдө 55 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөгө электр энергиясынын тарифи жеңилдетилген

Маалыматка ылайык, айына 700 киловатт саатка чейин электр энергиясын керектөөдө тариф 50 тыйынды түзгөн.
"Ал эми Кыргызстанда 2024-жылдын май айынан тарта электр энергиясына тарифтер көтөрүлгөнүнө байланыштуу бул үй-бүлөлөр 55,4 тыйындан төлөй башташты. 2025-жылдын 1-февралына карата «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган үй-бүлөлөрдүн саны 58,4 үй-бүлөнү түзөт. Электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер түрүндө даректүү социалдык колдоо «үй бүлөгө көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөкпул алган 55 миң 494 аз камсыз болгон үй-бүлөгө көрсөтүлдү, бул 94,9 пайызды түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Жеңилдетилген тарифтерди ижарага алынган батирлерде, өндүрүштүк жайларда жашагандар, электр жарыгысыз жашаган үй-бүлөлөр ала албайт. Бул боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, 2022-жылдан тарта президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ай сайын берилүүчү "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына жеңилдетилген тариф түрүндө кошумча социалдык колдоо көрсөтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.