super.kg logo
  Саясат  

Рахмондун Кыргызстанга сапарында чек ара боюнча келишимге кол коюлары айтылды

 
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында чек ара боюнча келишимге кол коюлат. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, мамлекеттик сапардын алкагында президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуулар пландаштырылган.
"Эки президенттин биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюу мерчемделген", - деди Азымбакиев.
Белгилей кетсек, коңшу өлкөнүн башчысы Кыргызстанга 12-13-мартта келет.
ЖКККББ Рахмондун келишине байланыштуу айрым жолдордо чектөөлөр киргизилерин билдирип, аларды тизмектеди.
  • "Манас" эл аралык аэропортунан Бишкек шаарынын чегине чейин;
  • Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
  • Манас жана Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
  • "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.

ЖКККББ айдоочуларды жогоруда көрсөтүлгөн жол тилкелеринде унааларын токтотпоого чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: