super.kg logo

АКШнын мамлекеттик катчысы Киевге болгон аскердик жардам Жиддада чечилерин айтты

 

Вашингтондун Киевге болгон аскердик жардамын кайра жанданышы эки өлкөнүн делегацияларынын Жидда шаарында боло турган жолугушуусуна байланыштуу болот. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Менимче, эгер ал жерде бизге жаккан жана президентке отчёт бере турган жакшы жолугушуу болсо, анда аскердик жардамдын тыныгуусу боюнча чечимдер каралат", - деген ал журналисттерге кечээ, 10-мартта Сауд Арабиясына бараткан учак бортунда.

Рубио Украинага жардам берүүнүн токтотулушу Киевдин Москва менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кызыкдар эмес экенин көргөндүктөн улам болгонун түшүндүрдү.

"Эгер бул өзгөрсө, анда биздин позициябыз өзгөрүшү мүмкүн. Бирок мен мөөнөтүнөн мурда эч нерсе жарыялабайм. Эртең чындап жакшы жолугушуу болот деп ишенем", - деп кошумчалаган.

АКШ менен Украина делегациялары бүгүн, 11-мартта Сауд Арабиясынын Жидда шаарында сүйлөшүүлөрдү жүгүзүшөт. Жолугушууга Сауд Арабиясында иш сапар менен жүргөн Украинанын президенти Владимир Зеленский катышпайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: