АКШда кыргызстандык үй-бүлө киши колду болуп каза болгону айтылды
Көп жылдан бери АКШда жашап келген кыргызстандык үй-бүлө белгисиз жагдайда киши колдуу болуп каза болду. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, каза болгон үй-бүлө 15 жылдан бери АКШда жашап келген. Кылмыштан кыргызстандык 47 жана 45 жашта жубайлар жана алардын 5 жаштагы уулу каза болгон. Учурда АКШ полициясы бул боюнча тергөө жүргүзүп жатканы маалым болду.
Учурда АКШдагы кыргызстандыктар маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн каражат топтоп жатышат.
Тышкы иштер министрлиги бул боюнча маалымат бере элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.