super.kg logo

Жумгалдагы мурдагы "Дружба" пионер лагери мамлекетке алынды (видео)

 

Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал айылында жайгашкан аянты 4,5 гектарды түзгөн мурдагы "Дружба" пионер лагери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, мурдагы Миң-Куш «Оргтехника» заводуна караштуу 180 орундуу «Дружба» пионер лагери кыймылсыз мүлктү каттоо органдары тарабынан эч кандай документтери жок «Үмүт» кооперативине өткөрүлүп берилгени аныкталган. Натыйжада, 2008-жылдын 31-декабрында "Үмүт" кооперативинин директору Р.К. тарабынан "Достук" пионердик лагери М.Б.С. аттуу жаранга сатып алуу-сатуу келишими боюнча ажыратылган.

"Мурдагы менчик ээлери тарабынан пионер лагеринин турак жай корпустарын демонтаждоого жана алардын материалдарын сатууга жол берүүнүн натыйжасында аталган объекттен жер тилкеси гана калган. Аталган объект Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагынын балансына өткөрүлгөн.

Буга чейин мурдагы Миң-Куш "Оргтехника" заводуна (азыркы «Оргтехника» ААК) таандык товардык-материалдык баалуулуктар, жалпы аянты 11 гектар болгон 6 кыймылсыз мүлк объектилери (жер тилкелери жана имараттар), инвентарлык буюмдар (станоктор) мамлекеттик баланска кайтарылган", - деп билдиришти УКМКдан.

"Оргтехника" ААКтын калган объектилерин кайтаруу боюнча кошумча иш-чаралар улантылууда.






УКМК Жумгалдагы жерди мамлекетке алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: