"Ливерпуль" клубунун жылдыз оюнчулары маанилүү оюндун алдында тиреше кетишти (видео)
Египеттик чабуулчу Мохаммед Салах менен британиялык коргоочу Трент Александр-Арнольд "Ливерпуль" клубунун машыгуу базасында машыгуу өткөрүп жатып тиреше кетишти.
Социалдык тармактарда жарыяланган видеодо эки футболчу машыгуу учурунда бири-бири менен кайым айтышып тиреше кетишкенин көрүүгө болот. Алардын ортосуна командалаштары арачага түшүшкөн.
Көптөгөн басылмалар англиялык клубда маанилүү оюндун алдында маанай анча эмес экенин жазышты.
Белгилей кетсек, эртең, 12-мартка караган түнү "Ливерпуль" клубу Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында франциялык "ПСЖ" клубун кабыл алат.
Парижде өткөн эки команданын биринчи оюну 0:1 эсебинде англиялык клубдун жеңиши менен аяктаган.
Салах менен Арнольддун тиреши
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.