super.kg logo

Башкы прокуратура Сокулукта жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча кылмыш ишин козгоду

 

Башкы прокуратура жер тилкелерин мыйзамсыз кайра берүү (акысыз, экинчи ирет) фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, мамлекетке 56,3 миллион сом зыян келтирилгендиги аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Новопавловка жана Ат-Башы айыл өкмөттөрүнүн, ошондой эле каттоо органдарынын кызматкерлери тарабынан 2018–2022-жылдар аралыгында жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен 38 жаранга (жалпы аянты 1,6 гектар) турак жай куруу үчүн экинчи ирет жер тилкелери берилген фактылар тастыкталган.

Ошол эле учурда мыйзамдуу түрдө акысыз турак жай курууга жер алуу үчүн кезекте турган жарандар жер тилкесин алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.

Бул мыйзам бузуулар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: