УКМК Ысык-Көлдө бир катар социалдык объектилерди мамлекетке кайтарды (тизме)









Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы социалдык объектилер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта УКМКдан билдирди.
Маалымдалгандай, УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген өнөр жай объекттерин, жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында төмөнкү объекттер кайтарылды:
- 356 чарчы метр администрациялык имараты бар 70 сотых жер тилкеси;
- мурда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы Мамакеев атындагы орто мектептин балансында турган 944 чарчы метр аянттагы откананын имараты;
- Ак-Суу капчыгайында жайгашкан жылуу суулары бар аянты 39 чарчы метрди түзгөн дарылоо борборунун имараты;
Ошол эле учурда аталган жер тилкелерин жана курулмаларды мыйзам ченемдерин бузуу менен К.Д. аттуу Ак-Суу айылынын тургуну сатып алгандыгы аныкталды. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында К.Д. мыйзам бузуу фактыларын мойнуна алып, жогоруда аталган объектилерди Ак-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.
Мындан тышкары мурда бала бакча жайгашкан 60 сотых өлчөмүндөгү мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
